"Нур-Султанда" чоң өзгөрүүлөр. Шымкент шаарында Нурсултан Назарбаев проспектиси пайда болду

27 март 2019 11:18 2004 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Нур-Султан шаарында бардык “Астана” деген аталыштагы жазууларды “Нур-Султан” деп которуу иштери башталды. Ал ортодо Казакстандын Шымкент шаарында Нурсултан Назарбаев проспектиси пайда болду.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматына ылайык, борбор шаарында “Нур-Султан калаасынын акимдиги” жана “Нур-Султан” деген жазуулар пайда болду. Ага кошумча өзгөртүү иштерине канча каражат кетээри да каралып чыкты. Казакстан Республикасынын финансы министри бул маселе боюнча мамлекеттен ашыкча каражат талап кылынбай тургандыгын билдирди. Министрдин айтымында өзгөртүү иштерине жалпысынан 40 млн теңге же болбосо 150 000 доллар керектелет.

Азыркы технология өнүккөн электрониканын заманында документтерди өзгөртүү иштерине ашыкча каражат коротулбай тургандыгы да айтылды.

Эске салсак, 2019-жылдын 19-мартында Казакстан Республикасынын алгачкы президенти отставка кетээрин билдирген. Анын ордуна шайлоого чейин президент болуп сенаттын башчысы Касым-Жоомарт Токаев дайындалган. Жаңы президент борбор калаанын атын биринчи президенттин урматына “Нур-Султан” деп атоо сунушун киргизген.

Ссылка: https://barometr.kg/nur-sultanda-cho-zgrlr-shymkent-shaarynda-nursultan-nazarbaev-prospektisi-pajda-boldu



Добавить комментарий