Эрдоган түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр үчүн бирдиктүү алфавит түзүүнү сунуштады

3 ноябрь 2023 17:01 2718 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр үчүн бирдиктүү алфавит түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу түрк лидери Түрк мамлекеттер уюмунун Астанада өтүп жаткан саммитинде сүйлөп жатып билдирген сөзүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Түрк лидеринин айтымында, бирдиктүү алфавит түзүү менен түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы мамилени чыңдоого болот. 

"Биз тилибизге, маданиятыбызга жана тарыхыбызга негизделген адамдык мамилени чыңдоо үчүн жогорку билим берүү тармагында кызматташууну күчөтүү аракетибизди улантуудабыз. Албетте, ынтымагыбызды чыңдоо үчүн тил абдан маанилүү. Орток алфавит да маанилүү компонент. Бул жерде президенттердин колдоосу маанилүү: «Жогорку билим берүү кеңешинин биздин уюмдун катчылыгына берген сунушу биздин уюм тарабынан каралат деп ишенем», - деди Эрдоган.

Эске сала кетсек, Казакстандын Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтүп жатат. 

Саммитке Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин – Венгрия жана Түркмөнстандын лидерлери катышууда.

Түрк тилдүү мамлекеттеринин уюму 2009-жылы түзүлгөн. Ал азыркы аталышын 2021-жылы ноябрда Стамбулдагы саммитте алган. Уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан кирет, Түркмөнстан менен Венгрия уюмдун ишине байкоочу катары катышууда. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/erdogan-trk-lklrn-mch-mamleketter-chn-birdikt-alfavit-tzn-sunushtady



Добавить комментарий