Нур-Султан шаарын бороон-чапкын каптап, негизги трассалар жабылып, жумуш күнү кыскартылды
Казакстандын Нур-Султан шаарындагы көчөлөрдүн баары жабылып, мектептер ишин токтотту
Казакстандын борбор калаасы Нур-Султан шаарындагы негизги трассалардын баары аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам жабылды. Бул тууралуу baigenews.kz сайты жазды.
Ага ылайык, борбор шаардын акими шашылыш жыйын курууга аргасыз болду.
Ал ортодо билим берүү башкармалыгынын чечими менен бүгүн биринчи смен менен окугандардын сабактары токтотулган. Андан сырткары колледждердин 1-2 курсунун студенттери үчүн да сабактар убактылуу токтогон.
Шаардык куткаруу кызматы бир сутканын ичинде карда калган 19 кишини жана беш автоунааны куткарган.
Синоптиктердин маалыматы боюнча Нур-Султанды каптаган бороон-чапкын дагы бир сутка сакталышы мүмкүн. Ал ортодо шамалдын ылдамдыгы секундасына 23 метрге чейин жетүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча департаменти жашоочуларга алыс жолго чыкпай, аба ырайынан улам өздөрүнө сак болууга чакырууда. Аны менен катар билим берүү мекемелеринде, мамлекеттик органдарда, курулуш тармактарындагы жумуш күнү кыскартылды.
Ал эми өрт өчүрүү кызматы, полиция, тез жардам, өзгөчө кырдаалдар жана коммуналдык кызматтар кадимки тартипте иштеп жатат.
Добавить комментарий ×