НТСтин жетекчилиги менен алып баруучусу Бекназаровдун маеги үчүн чатакташты

20 июнь 2019 09:41 1685 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Бийликтин сырлары” теле берүүсүнүн алып баруучусу Бермет Букашева өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына НТС телеканалынын жетекчилиги  экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун маегин эфирге чыгаруудан баш тартканын жазды. 

Букашева телеканалдын мындай чечимине нааразы болду. Буга байланыштуу ал ЖМКлардагы өзүн-өзү цензуралоого каршы тилектештик билдирүүгө көз карандысыз ЖМКларды чакырды.   

"Менин Азимбек Бекназаров менен болгон маегимде Р. Миллиондун айланасында сөз болгон. Эртең «Азаттык» берүүнү эфирге чыгарат деп үмүттөнөм”,-деп айтылды Букашеванын маалыматында. 

Бир аздан кийин НТС телеканалынын башкы директору Миржан Балыбаев буга социалдык баракчасы аркылуу комментарий берди.

Ал чыны менен Бекназаровдун маегин эфирге чыгарууга уруксат бербегенин, анткени респондент өзүнүн сөзүндө бир катар тараптарды эч бир жүйө, далил келтирбей туруп эле оор кылмыштарга күнөөлөгөнүн айтты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ntstin-zhetekchiligi-menen-alyp-baruuchusu-beknazarovdun-maegi-chn-chataktashty



Добавить комментарий