Ноябрь айында Бишкек-Кара-Балта унаа жолун оңдоо толук аяктайт

28 сентябрь 2021 11:11 1458 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Оңдоодон өтүп жаткан Бишкек–Кара-Балта жолу Чүй областынын калк жыш жайгашкан аймактары аркылуу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Азия өнүгүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун координатору Санжар Асаналиев Бишкекте болгон басма сөз жыйынында кабарлаганын “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, оңдоло турган жол Бишкек шаарынын четинен башталып Кара-Балта шаарынын башталышынан аяктайт.Узундугу 52,1 чакырымга жетет.

Ал бүгүнкү күндө жолду реконструкциялоо иштерин Сhina Railway №5 иш аткаруучу компаниясы жүргүзүп жатканын билдирди.

“Жумуштар 2017-жылы башталган жана бүгүнкү күндө 95 пайызы бүттү, ноябрь айында аталган жолдун реконструкциялоо иштери толугу менен бүткөрүлөт жана жол колдонууга берилет”,-деди координатор.

Ссылка: https://barometr.kg/noyabr-ajynda-bishkekkara-balta-unaa-zholun-odoo-toluk-ayaktajt



Добавить комментарий