Новопокровка айылында жаш келин унаада көз жарды. Келиндин төрөтүн инспекторлор кабыл алган

18 январь 2021 14:36 6655 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында инспекторлор төрөт үйүнө жете албай калган аялдын төрөтүн кабыл алышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.  

Милиция кызматкерлеринин айтымында, 15-январда болжол менен саат 03:00 чамасында эркек адам милицияга кайрылып, жардам сураган, анткени аялы экөө төрөт үйүнө жетише албай калгандыктан, аял унаада толгоосу башталган. Инспекторлор ойлонбостон аялдын төрөтүн кабыл алууну туура көрүшкөн.

Маалым болгондой, бала дени сак төрөлгөн.  Ымыркай төрөлөр замат сууктан коргоочу фольгага ороп, керектүү жардамды көрсөтүшкөн. Дарыгерлер кызматкерлер тарабынан көрсөтүлгөн жардам өз убагында жана квалификациялуу болгонун белгилешти.

«Төрөт жакшы өттү, бала дени сак төрөлдү. Алар ооруканага жеткирилген. Ымыркайдын ата-энеси кубанып, инспекторлорго убагында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдиришти », - деп билдирди жол кайгуул кызматынан.

Инспекторлор төрөт үйүнө жаш жубайларды гүлдестесин көтөрүп барып, куттуктап келишкени маалым болду. Жаңы төрөлгөн ымыркай менен эненин ден соолугу жакшы деп бааланып ооруканадан чыгарылган.

Ссылка: https://barometr.kg/novopokrovka-ajylynda-zhash-kelin-miliciyanyn-mashinasynda-kz-zhardy



Добавить комментарий