Ноокен районунда сууга чөгүп кеткен кыздын жансыз денеси бүгүн табылды

28 июнь 2018 21:00 1499 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

27-июнь күнү сууга түшүп жоголуп кеткен кыздын жансыз денеси бүгүн табылды. Бул тууралуу ӨКМ нин маалымат басма сөз кызматынан билдиришти. 

 Кечээ Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун  Кызыл-Туу айылынын Орозбеков көчөсүндөгү үйгө тойго атасы менен кошо келген 2013-жылы туулган А. Н. аттуу кыз  Достук каналынын жээгинде ойноп жатып, сууга чөгүп кеткен деген маалымат “112” кызматына түшкөн. КР ӨКМнин №55 Өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары 27-июнь саат 21:00гө чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес.  28-июнь күнү саат 09:00дө кыздын жансыз денеси суудан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/nooken-rajonunda-suuga-chgp-ketken-kyzdyn-zhansyz-denesi-bgn-tabyldy



Добавить комментарий