Ноокатта дарыяга түшүп кеткен унаадагы киши табылып, анын небересин изделип жатат
Бөлүшүү:
ОШ облусунун Ноокат районуна караштуу Күндүү Дөбө айылында Ак-Буура дарыясына кулаган “Хюндай- Портер” үлгүсүндөгү автоунаанын ичиндеги бир кишинин сөөгү табылып, төрт жашар баланы издөө уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтем берип “Барометр” билдерет.
Эскерте кетсек, кырсык 14-сентябрда Ак-Терек — Папан — Кожокелең жолунда болгон. Машинанын ичиндеги үч адамдын бирөө тирүү калып, 64 жаштагы киши менен төрт жаштагы бала изделип жаткан.
"Кечээ, 17-сентябрь күнү, ӨКМдин 19 куткаруучусу тартылып, түштөн кийин эркек кишинин сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп берди", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтен бүгүн кичинекей баланы издөө иштери улантыларын билдирди.
Добавить комментарий ×