Нике түнүнөн кийин сөөгүн гинекологго алып барды. Кыздык үчүн жаңы келген келин жанын кыйды
18 жаштагы кыз үйлөнүү үлпөтүнөн соң өзү-өзү өлтүрдү. Бул тууралуу 365info.kz. кабарлады.
Окуя Тажикстанда болду. Кыздын суидцидге баруусуна күйөөсүнүн жалган жалаасы негиз болгон. Ал тойдон кийин кызды айыптап, “буга чейин сексуалдык мамиледе болгонсуң” деп күнөөлөгөн.
Раджабби Хуршед өзүнүн кыз экенин айтып актаган. Жаңы үйлөнгөн Зафар Пиров аны үйүнө камап, жазаламак болгон.
Жаш кыз бул кордукка чыдабай, мындай өмүр сүрө албай турганын айтып видео тартып, андан кийин өзүн-өзү өлтүрдү. Уксус ичкен кызды өмүрүн дарыгерлер аман алып кала алышкан жок.
Анын туугандарынын айтымында, Раджабби тойго чейин медициналык текшерүүдөн өткөн. Дени соо, эч кандай генетикалык оорусу жок экени тууралуу справкасы да болгон.
Тажикстанда үйлөнө турган жаштар текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү.
Кыздын өлүмүнөн кийин күйөөсү Зафар Пиров анын сөөгүн текшертиш үчүн Дүйшөмбү шаарына алып барды. Дарыгерлер анын кыз белгиси менен экени тууралуу тастыктама беришти.
Тажикстандын салтына ылайык, кыз белгиси болбогон кыздар турмушка чыкпайт. Ал ата-энесин уятка калтырган үчүн өмүр бою үй камагында болот.
Добавить комментарий ×