Нигериянын жаранын сабаган жигит: Мени сөккөндө, бетке чапкам
“Айчүрөк” соода борборунун жанында каза тапкан Нигериянын жаранына залал келтирди деп кармалган жигит көрсөтмө берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Сотко чейинки тергөө убагында шектүү К.Э 2-июлда ал социалдык түйүндөргө түз эфирге чыгып телефон аркылуу достору сүйлөшүп жатканын айтты. ГУМ “Чынар” соода борборунун жанында телефон менен сүйлөшүп жаткан учурда ага чет өлкөнүн жараны келип аны телефонго тартпоону өтүнгөн. К.Э. ага “Мен сизди телефонго тарткан жокмун” деп жооп берген. Ошондон кийин Т.А. жаман сөздөрдү айтып сөгүнүп «ЦУМ» соода борборуна чейин экөө айтышып-тартышып барышкан. Ал жерден сөзгө териккен К.Э. ачууланып Т.А.ны бетке чапкан. Жабырлануучу башы менен жерге тийген.
Эскерте кетсек, 2-июль күнү Али Тижжани Абубакир аттуу Нигериянын жараны Бишкектеги соода борборунун жанында сабалып, ооруканага жаткырылган, ал бүгүн 5-июлда эртең менен каза тапты.
Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан 3-июль күнү Чүй облусунда 1997-жылы туулган К.Э. аттуу жигит шектүү катары кармалган.
Ссылка: https://barometr.kg/nigeriyanyn-zharanyn-sabagan-zhigit-meni-skknd-betke-chapkam
Добавить комментарий ×