Неймар: Мен оюнга 100% даяр эмес болчумун, бирок “Ливерпуль” менен болгон таймаш өтө маанилүү болчу
Бөлүшүү:
Кечээ, 28 ноябрьда, Парижде чемпиондор лигасынын 5-турунда "ПСЖ" командасы “Ливерпуль” командасын 2:0 эсебинде жеңип алды.
"ПСЖ” командасынын чабуулчусу Неймар оюнга толугу менен даяр эместигин айтты. Бул тууралуу UEFA басма сөз кызматы билдирет.
Эске салсак, Неймар Бразилия курама командасында ойноп жаракат алган. Жаракатына байланышттуу Франция биринчилигине 14чү туруна катыша албай калган.
“100%га даяр эмес болчум, бирок бул беттеш өтө маанилүү эле, ошондуктан жаракатыма карабастан оюнга чыктым “ деп билдирди Неймар.
Добавить комментарий ×