Өндүрүш Токтонасыров: Уланбай бул жарыктан сени акчанын кулуна айлангандар кетиришти

22 июль 2019 11:27 1417 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2018-жылы 22-июль күнү Ысык-Көлдө "Азаттык" үналгысынын журналисти Улан Эгизбаев каза тапкан. Бүгүн аны замандаштары, кесиптештери, кыргызстандыктар эскерип жатышат. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Улан Эгизбаевди төмөнкүчө эскерди.

“Уланбай сени өзүмчүл, адамдыкка эмес арамдыкка умтулган, байлыктын, акчанын кулуна айланышкан көрпенделер кетиришти бул жарыкчылыктан. Кыйраттык деп ойлоп жүрүшөт келесоолор. Алар бүтүндөй элдин каргышына калышкан,Кудай да бир күнү жазалайт аларды. Ал эми Сен,кыргыз тарыхында жаш болсоң да эч нерседен тартынбаган эр жүрөк, баатыр, чынчыл, таланттуу журналист иликтөөчү катары жашап кала бересиң! Сен баштаган жол улана берет.Сени жоктойбуз, эстейбиз, таазим кылабыз!”,-деп жазды  укук коргоочу.

Эскерте кетсек, Улан Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө чөгүп кетип каза тапкан. Артында жубайы, бир улуу калды. Журналист бир катар чуулгандуу маселелерди иликтеп келгендиктен, аны киши колдуу болушу ыктымал деген божомолдор да айтылып келет. 2018-жылы 30-августта президент Сооронбай Жээнбеков маркум журналист Улан Эгизбаевди "Эрдик" медалы менен сыйлоо жөнүндөгү жарлыкка кол койгон.

Ссылка: https://barometr.kg/ndrsh-toktonasyrov-ulanbaj-bul-zharyktan-seni-akchanyn-kuluna-ajlangandar-ketirishti



Добавить комментарий