Корсулдап жөтөлгөн Назира Айтбекова аэропорттогулардын жүрөгүн түшүрдү
Алып баруучу жана актриса Назира Айтбекова аэропорттон бир чети күлкүлүү, бир чети кооптуу абалга кабылганын Facebook баракчасына жазды.
“Аэропорттон "Чоң кыз сиз каттоодон өтүптүрсүз" деп эле өткөрбөйт. Көрсө, менден мурун Назира Айтбекова деген кыз катталыптыр. Аз жерден калып кала жаздадым. Аэропортто мени кытай экен деп кооптуу көздөрү менен карап атышат. Кашайып жөтөлүм кете элек болчу. Күрсүлдөгөн сайын элдин жүрөгү түшүп атат десең! Бир орус чуркап келип, - Вы из China? деп сурады эле мен да жөн турбай, - На Вас чихнуть? - десем күлдү”, — деп жазды Айтбекова.
Белгилей кетсек, учурда Кытайда чыккан коронавирустан каза болгондордун саны 106га жетти. Коронавирус өпкөнүн пневмание дартын козгоп, аны курчутуп жиберет.
Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekovany-kytaj-deship-aeroporttogular-zhaa-boyu-kachyshty
Добавить комментарий ×