Назира Айтбекова: "Баламдын атасы келсе, өзүмдүн атам келгендей секирип сүйүнөм"

10 май 2019 14:22 18806 5 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова өзүнүн интернет баракчаларынан блогер катары жашоо турмушу, жаңылыктары жана аны капа кылган, сүйүнткөн жагдайлары тууралуу жазып эл менен бөлүшүп келет. Анын  бул жолу жолдошу жана баласы тууралуу жазган ой толгоолору окурмандарынын жүрөгүн оорутту.

"Атасы келгенде тыбырчылап жиберет. "Келе жатам" дегенде саатын тиктеп күтөт. " Келе албай калдым. Иш чыкты" дегенде маанайынын түшкөнүн көрсөң, миң куурулуп , жаныңды коерго жер таппай, тыбырчылап жибересиң. План "Б" ойлоп таап, көңүлүн көтөргөнү аракет кыласың. Аз да болсо, жыргап калат. Атанын орду башка. Мен да терезени шыкаалап атамды күтчү элем. Миң жамандап, ылайга көмүп жатышса дагы атам мен үчүн кымбат, бийикте эле. Жытын сагынчумун атамдын. Чогуу жашап жүргөндө деле аталыгын көп көрсөтчү эмес. Өзү бала болчу чоңое элек. Ошентсе деле караанына, бар экенине жыргачумун. 22 жыл күтүптүрмүн үмүт үзбөй. Келген да, чалган да, издеген да жок. Атага таарынып, жек көрүү мүмкүнбү? Мүмкүн эмес албетте. Баланын ичиндеги жылуу сезими дайым турат. Бала ата - энени тандабайт экен. Кандай болбосун кабыл алабыз, жакшы көрөбүз. Баламдын атасы келсе, өзүмдүн атам келгендей секирип сүйүнөм. Мага келбеген ата жок дегенде балама келсин. Мени сүйбөгөн ата баламды сүйсүн дейм ичимден. Чоңдордун күнөөсү үчүн бала жооп бербеши керек. Аталар, апаларынан баш тартсаңар дагы эч качан балдарыңардан баш тартпагыла ээ? Балага эң оору атасын күтүү", -дейт өз сөзүндө Айтбекова.

Маалым болгондой Айтбекова жолдошу Искендер Шаршеев менен эки ажырым жолго түшкөндөн кийин уулу Ариет апасы менен калган.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-balamdyn-atasy-kelse-zmdn-atam-kelgendej-sekirip-sjnm



Добавить комментарий