Назарбаевдин небересинин Лондондогу үйүн Британиянын атайын кызматтары тоңдурду

11 март 2020 10:21 733 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиевге катталган Лондондогу престиждүү райондордун бириндеги хан сарайды Британиянын кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттиги тарабынан тоңдурулду алынды.

Британ өкмөтү Казакстандын саясий элитасынын шек жараткан байлыктарына кызыкканын BBC телеканалы Transparency International эл аралык уюму менен Finance Uncovered бейөкмөт уюму билдирди.

Ага ылайык, хансарай Лондондогу эң престиждүү аймакта орун алып, үйдүн ичинде бассейн, кинотеатр жана жер төлөөсү да бар.

Ага офшордук компаниялар ээлик кылганы менен иликтөөгө ылайык ага Нурали Алиев жашайт. Нурали Алиев Дарига Назарбаеванын уулу, Нурсултан Назарбаевдин небереси.

Эми аталган үй 10-мартта башталган сот-териштирүү иштеринен улам ал аяктаганга чейин башка бирөөгө сатылып же берилбейт. Эми Британиянын тийиштүү кызматтары үй кайсы акчага сатып алынганын жана кандай жол менен алынганын иликтеп, тактайт.

Лондондогу хансарай Нурали Алиевге тиешеси бар кыймылсыз мүлктөрдүн бири гана. Дагы эки объект боюнча да тоңдуруу ордери чыккан. Жалпы тоңдурулган кыймылсыз мүлктөрдүн баасы 80 миллион фунт (104 миллион доллар).

Нурали Алиев Нурсултан Назарбаевдин улуу небереси. Дарига Назарбаеванын Рахат Алиевден эки уул менен бир кызы бар. Нурали Алиев Аида Алиевага үйлөнгөн, ал өз кезегинде Казакстандын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Берик Имашевдин кызы.

2014-жылдын декабрынан 2016-жылдын мартына чейин Алиев астана шаарынын акиминин орун басары болуп иштеген.

Ссылка: https://barometr.kg/nazarbaevdin-neberesinin-londondogu-jn-britaniyanyn-atajyn-kyzmattary-durdu



Добавить комментарий