Нарында такси өспүрүм кызды учура сүзүп, ал каза болуп калды. Окуянын видеосу

4 февраль 2020 17:59 1594 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын шаарында такси жолдон чуркап өтүүгө аракет кылган 10 жаштагы кызды учура сүздү. Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Видеодо кыз жолдон чуркап өтүүгө аракет кылганда келе жаткан такси аны байкабай катуу келип урган. Соккудан улам кыз бир нече метр жерге учуп кеткен.

Нарын облустук милициясынан кабарлашкандай, окуя 3-февралда саат 15:00дөр чамасында болгон.

Өспүрүм өзүнө келбей үзүлгөн.


Ссылка: https://barometr.kg/narynda-taksi-sprm-kyzdy-uchura-szp-al-kaza-bolup-kaldy-okuyanyn-videosu



Добавить комментарий