Нарында катуу шамал чатырларды учурду

12 сентябрь 2018 14:50 1014 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда катталган катуу шамал турак үйлөрдүн жана чарбалык курулуштардын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, шамалдын ылдамдыгы секундасына 13-15 метрге жеткен. 

Катуу шамал Ак-Муз жана Талды-Суу айылдарында жайгашкан 6 турак үйдүн жана 2 чарбалык курулуштун 26 даана шиферин, 85 чарчы метр туникесин учурган. 


Ссылка: https://barometr.kg/narynda-katuu-shamal-chatyrlardy-uchurdu



Добавить комментарий