Мушташтан кийин каза болгон Маматназар Жакыпбаевдин жакындары окуяга күбөлөрдү издөөдө

24 октябрь 2018 14:50 2983 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин уулу Азирет Жакыпбаев окуяга күбө болгондорду издеп жатат. Бул тууралуу Фейсбук баракчасына Маматназар Жакыпбаевди сүзгөн жана мушташып кеткен балдар мас абалда болгондорун жазды. 


"Ата-энем жол чыракта токтоп турса артынан Lexus сүзгөн. Атам унаасынан чыгып, тиги машинада эки мас жигит бар экенин көрөт. Апамдын айтымында, атам балдар соолуккандан кийин териштиребиз деп милиция чакырбоону сунуштаптыр. Бирок тигилерден документтерин берүүсүн талап кылган. Жигиттердин бири апамды алаксытып, экинчиси атам менен сүйлөшүп жатыптыр. Мындан улам апам атамдын жерге жыгылганын көрбөй калган", — дейт Жакыпбаевдин уулу өз сөзүндө. 

"Эми атамды артка кайрып келтире албайбыз. Ошентсе дагы объективдүү калыс чечим болуп, күнөөлүлөр өз жазасын туура алышын каалайт элем. Эртеңки күнү менин атамдын ордуна башка бирөө ушундай окуяга туш болуп калышы мүмкүн. андыктан адилет чечим болсун!"-деп билдирди. 

Бул окуя тууралуу бүгүн парламентте дагы акыйкатчыга Кыргызстандын жараны катары окуяны адилеттүү иликтөө керек экендиги сунушталды. 

Эске салсак, «Кыргызаэронавигация» ишканасынын башкы директору Маматназар Жакыпбаев  21-октябрда  Токтоналиев жана магистраль көчөлөрүнөн жол кырсыгына кабылып,  айдоочулардын  айтышы  мушташка айланып, жыйынтыгында мушташып жатып, бордюрга башы менен кулап каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/mushtashtan-kijin-kaza-bolgon-mamatnazar-zhakypbaevdin-zhakyndary-okuyaga-kblrd-izdd



Добавить комментарий