«Кыргызаэронавигация» ишканасынын башкы директору Маматназар Жакыпбаев унаа менен кагышып, андан соң мушташып жатып каза болду
«Кыргызаэронавигация» ишканасынын башкы директору Маматназар Жакыпбаев алгач жол кырсыгына кабылып, андан соң унаадан түшүп мушташтан улам каза болду. Укук коргоо органдарынын берген маалыматына ылайык, 21-октябрда “Лексус” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаалар Токтоналиев жана магистраль көчөлөрүнөн кагылышкан. Айдоочулар унаадан түшө калышып айтышып, андан соң мушташка чейин алып барган. Жыйынтыгында Маматназар Жакыпбаев мушташып жатып, бордюрга башы менен кулап түшкөн. Окуя болгон жерден дароо мерт кеткендиги айтылууда. Ал учурда аялы унаанын ичинде болгон.
Маматназар Жакыпбаев «Кыргызаэронавигация» ишканасын 5 жыл башкарган. Анын артында 3 баласы калды.
Кесиптештеринин айтымында, Жакыпбаев буга чейин эч ким менен мушташып, чыр-чатакка барган эмес.
Добавить комментарий ×