Мурунку ээси тарабынан салык төлөнгөн болсо, анда унаанын кийинки ээси кыймылдуу мүлк салыгын төлөбөйт
2019-жылдан тартып эгерде, автоунаа каражаттын мурунку ээси тарабынан учурдагы жыл үчүн салык төлөнгөн болсо, анда унаанын кийинки ээси кыймылдуу мүлк салыгын төлөбөйт. Бул тууралуу Салык кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 4-февралындагы мыйзамына ылайык Салык кодексине толуктоо киргизилди. Анда “4-топтогу мүлк объектисине менчик укуктарын өткөрүп берүү – салык төлөөчү тарабынан салыктын суммасы төлөнгөн шартта мүлк салыгын кайрадан төлөө үчүн негиз болуп саналбайт. 4-топтогу мүлк объектисине менчик укуктарын мамлекеттик каттоо же кайра каттоо учурунда, ошол жыл үчүн мүлк салыгы төлөнгөндүгү тууралуу документ берилет"-деп жазылган маалыматта.
Бул ченемдерди киргизүү салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Салык кодексинин эски редакциясы боюнча автоунаа каражаттын ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мөөнөттө, ошондой эле, мүлк объектисине менчик укуктарды толук же жарым-жартылай өткөрүп берүүдө, тариздөө учурунда жаңы ээси тарабынан да ошол жылга салык төлөнгөн.
Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык салык төлөөчүлөр жыл сайын унаа салыгын 1-сентябрга чейинки мөөнөттө төлөөгө милдеттүү.
Добавить комментарий ×