Мурдубуз эмнеге канайт?

8 апрель 2022 10:20 35413 34 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурундун канашы көпчүлүк жаш балдардын жана чоңдордун көйгөйүнө айланып келет. Эмне себептен мурун канайт? Ал канчалык кооптуу ушул боюнча сөз кылабыз.

Ага себеп:

-Эгерде мурдуңуз мурда травмага учураган болсо

-Мурундун ичинде пайда болуп жаткан киста жана полиптин өсүп жатышы себеп болушу мүмкүн

-Мурунга кайсы бир буюмдун кирип кетүүсү. Мындай көрүнүш өзгөчө жаш балдарда байкалат. Мисалга, алардын мурдуларына топчу же башка нерселердин кирип кетүүсү.  

-Мээнин травма алуусу

-Жогорку кан басым

-Мурунга хирургиялык операция жасалгандан кийин

-Гипертония

-Инфекциялык оорулар

-Бөйрөк жана боор оорулары

-Богок

-Горманалдык бузулуу

-Алкогол ичүү жана наркотикалык каражаттарды колдонуу

-Күндө көп жүрүү ж.б себеп болот.

Мурун канагандагы алгачкы жардам

-Эң алгач баланы тынчтандырыңыз

-Аны тизеси менен отургузуп, башын бир аз алдыга каратыңыз. Биз көпчүлүк учурда баланы дароо жаткырып, башын артка чалкалатабыз бул туура эмес. Анткени, кан дем алуучу органдарга жүгүрүп кетиши мүмкүн.

-Мурунга керектүү тамчылатмаларды куюңуз

-Тампон коюп коюңуз.

Ал учүн адистер доктурларга убагында барып, кан басымды өлчөтүп турууну сунуш кылат.

Ссылка: https://barometr.kg/murdubuz-emnege-kanajt



Добавить комментарий