Мурду канап токтобой койду. Мээрим Жуманазарова коло медалды да тарттырып жиберди

11 апрель 2023 20:58 3912 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында коло медаль үчүн Казакстандык балбан менен күрөшүп жатып, мурдунан кан токтобой күрөштөн четтетилип калды. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Балбан кызыбыздын мурдунан аккан кан токтобой койгондуктан, күрөш токтотулуп жеңиш казакстандык балбан кыз ыйгарылып калды. 

Жуманазарова жарым финалда япониялык балбан кызга 2:6 эсеби менен утулуп калган.

Ал эми коло үчүн таймашта казакстандык Елена Шалыгина менен кармашты.

Казакстандык балбан менен күрөшүп жатып Жумназарованын мурду канап кетти. Мурдунан аккан кан токтобой койгондуктан дарыгерлер беттешти улантууга уруксат беришкен жок. Натыйжада жеңиш Шалыгинага ыйгарылды.

Ссылка: https://barometr.kg/murdu-kanap-toktoboj-kojdu-meerim-zhumanazarova-kolo-medaldy-zha-tarttyryp-zhiberdi



Добавить комментарий