Кулматов менен Ибраимовдун сотуна тез жардам чакырылды
Бүгүн, 6-ноябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда мурдакы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча соттук отурум болду.
Соттук отурумдун жүрүшүндө мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүрканов өзүн жаман сезип, аритмия оорусу (жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу) бар экенин билдирди.
Судья тыныгуу жарыялады. Айыпталуучуга тез жардам кызматын чакырышты.
Соттук териштирүүнүн алкагында Сталбек Өмүрканов жана 4 айыпталуучу УКМКнын абагына камакка алынган. Мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов мэр болуп иштеп жатканда курулган Калыс-Ордо конушундагы мектеп боюнча суралып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/murdaky-merlerdin-sotuna-tez-zhardam-chakyryldy
Добавить комментарий ×