Саламаттык сактоо министирлиги: Сапар Исаковдун диагнозу - остеохондроз, ден-соолугу канааттандырарлык

21 август 2019 12:56 1492 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден-соолугу канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сѳз кызматы маалымдады.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө дарыланууну улантып жатат. 

Диагнозу: моюндун тамырларынын кысылышынын кесепетинен баш айланып, ооруйт. Моюн омурткаларынын остеохондрозу.

УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта жаткан С.Исаков 16-августта Улуттук госпиталга жеткирилген болчу.

С.Исаков текшерилгенден кийин Улуттук госпиталдын №1 неврология бөлүмүнүн башчысы Чоро Токтомушев, №2 неврология бөлүмүнүн башчысы Нурлана Оморов, №3 неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургумбаевдин катышуусунда дарыгерлердин кеңешмеси өттү. Анын жыйынтыгында С.Исаковго №2 неврология бөлүмүндө дарылануу сунушталды. Дарыгердин айтымында, магниттик-резонанстык томографияда инсульттун белгилери жок.

Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-premer-ministrdin-den-soolugu-kanaattandyrarlyk



Добавить комментарий