"Уруша кетип, инисин сайып койгон". 5-класстын окуучусунун өлүмүнө бир тууган агасы шектелүүдө

18 март 2021 10:07 4032 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы "Мурас-Ордо" конушунда мыкаачылык менен 5-класстын окуучусун өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматтык иттери кылмышкердин изине түшүп, көп узабай тапканга жардам беришкен.

Бул факт Биринчи Май РИИБнин каттоосунан өтүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде сотко чейинки өндүрүш башталып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

"Кылмыш болгон жерди кароо учурунда төмөнкүлөр алынды: жаздык, жууркан жана кызыл-күрөң тактары бар жууркан, ашкана бычактары, аялдын капчыгы, спорттук шым, кызыл-күрөң тактар бар беш тампон жана манжа издеринин бөлүктөрү.

Күбөлөрдү сурамжылоо учурунда, өспүрүмдүн жансыз денесин саат 11:00 чамасында жумуштан кайтып келген апасы таап алган. Ал дароо милиция кызматкерлерин чакырган. Апасынын айтымында, каза болгон бала эпилепция менен ооругандыктан, ар дайым жанында бирөө болушу керек болчу. Ошол күнү баланын жанында анын бир тууган байкеси 2004-жылы туулган А.С калган. Бирок, апасы келип, 13 жаштагы баласынын жансыз денесин тапканда улуу баласы үйдө жок болуп чыккан.

Окуяны кандай болгонун изилдөө үчүн, милиция кызматкерлери аймакты толук карап, коңшуларынан сурамжылоо жүргүзүштү, ошондой эле ИИМдин кинология борборунун иттери менен тинтүү учурунда камыштардын арасынан 2004-жылы туулган А.С кармалды.

Кармалгандан кийин мидиция кызматкерлерине А.С үйүнө ашкана бычагын жууп таштап кеткен жерин көрсөткөн.

Ошондой эле, ал окуя тууралуу толук айтып берди. А.Снын айтымында иниси А.М экөөнүн ортосунда уруш чыгып, натыйжада улуу агасы инисин ашкана бычагы менен сайып жиберген. 13 жаштагы А.М алган жаракатынан улам эсине келе албай көз жумган.

Кармалган 2004-жылы туулган А.С Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, ал жерден Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Борбордук Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Эске сала кетсек, кече, 17-мартта "Мурас-Ордо" конушунда 5-класстын окуучусу мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү кабарланып, кылмышкер изделип жатканы айтылган. 

Ссылка: https://barometr.kg/muras-ordo-konushundagy-kylmysh-5-klasstyn-okuuchusun-bir-tuugan-agasy-muuzdap-kojgon



Добавить комментарий