Мугалимдер менен тарбиячылар 8-апрелге чейин үйдөн иштейт
Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген кызматкерлер үчүнчү чейректи жыйынтыктап, тиешелүү болгон отчеттук иштерин аяктап, жетекчилер мектеп имараттарында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу максатында жалпы билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдер үй шартында дистанттык түрдө окутууларын өткөрүү үчүн 8-апрелге карантинге жөнтүлдү.
Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иши 8-апрелге чейин токтотулгандыгына байланыштуу бала бакчалардын тарбиячылары да аталган мөөнөткө чейин үйлөрүнө жөнөтүлдү.
Билим берүү мекемелеринде ЖРТга каттоодон өткөрүү үчүн 11-класстардын класс жетекчилери нөөмөт түзүшөт.
Ссылка: https://barometr.kg/mugalimder-menen-tarbiyachylar-8-aprelge-chejin-jdn-ishtejt
Добавить комментарий ×