Мугалим 1-сентябрдагы линейкада чыгыш бийин бийлеп ызы-чуу жаратты (видео)

3 сентябрь 2021 10:56 2187 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Хабаровск шаарындагы №76  мектепте 1-сентябрдагы линейкада балдарга мугалим чыгыш бийин бийлеп берген. Видео "АиФ-Хабаровск" булагына жарыяланганын “Барометр” маалымдайт.

Билим берүүнүн аймактык башкармалыгы мектеп директору жана анын кызматкерлерине карата текшерүү иштерин баштады. Мектеп жетекчилиги кечирим сурап, бул демилгени жаш мугалим өзү көтөргөнүн айтты.

“Мектептин тарбия иштеринин концепциясы күмөн жаратууда. Билим берүү башкармалыгы мындай демилгени туура эмес деп эсептейт”,-деп айтылат билим берүү башкармалыгы тараткан маалыматта.

Чатактан кийин педагог өзүнүн аталган бийи үчүн кечирим сурады.



 

Ссылка: https://barometr.kg/mugalim-1-sentyabrdagy-linejkada-chygysh-bijin-bijlep-yzy-chuu-zharatty-video



Добавить комментарий