Муфтият: "Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт"
Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
31-июлга белгиленген Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт.
“Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 31-июлдагы Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт», - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, учурдагы эпидемиялык абалга байланыштуу өлкө боюнча эртең менен күн чыккандан соң саат 07:30 дан кийин курмандыкты союга уруксат берилет.
Курмандыкты чалуу убактысы 31-июль, 1-август жана 2-август күнү дигер намазына чейин чалууга болот. Каалоочулар ушул көрсөтүлгөн даталардын каалаган мезгилинде чалса болот.
Ссылка: https://barometr.kg/muftiyat-kurman-ajt-namazy-ayanttarda-zhana-mechitterde-okulbajt
Добавить комментарий ×