Муфтий: Дүрбөлөңгө түшүп, орозоңуздарды бузбагыла!
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Орозо айт майрамы тууралуу кыргызстандыктарга кайрылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады.
“Урматтуу Кыргызстандагы мусулман бир туугандар, эже карындаштар! Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Япония, Дагестан жана Кувейт, Египет, Иордания, Сирия сыяктуу араб мамлекеттеринде 5-июнда айт майрамы белгиленет. Эртең, 4-июнь орозонун акыркы күнү жана бүгүн таңда ооз бекилет. Дүрбөлөңгө түшүп, орозоңуздарды бузбагыла! Күнөөкөр болбогула. Андыктан, Кыргызстанда 5-июнь айт майрамы белгиленет. Келе жаткан айт майрамыңыздар менен куттуктайм”,-деп билдирди Максатбек ажы Токтомушев.
Ссылка: https://barometr.kg/muftij-drblg-tshp-orozouzdardy-buzbagyla
Добавить комментарий ×