Ажыга барчуларды эмдөө 20-июнга чейин ишке ашырылат
Бөлүшүү:
Ажыга барчуларды эмдөө иштери 10-июндан 20-июнга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.
Аталган маалыматка таянсак, эмдөө иштери Кыргызстандын баардык аймактарында, анын ичинде Бишкек жана Ош областарында жүргүзүлөт.
Ажылар көрсөтүлгөн мөөнөттө эмдөө албаса аларга виза берилбейт. Ошондуктан Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы өз маалында эмдөөдөн өтүүнү өтүнөт.
2019-жылы Сауд Арабиясы Кыргызстанга 5510 ажы үчүн квота бөлгөн. Быйыл ажылык сапарга барчу адам 3000 доллар төлөйт.
Ссылка: https://barometr.kg/azhyga-barchulardy-emd-20-iyunga-chejin-ishke-ashyrylat
Добавить комментарий ×