Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды

1 июнь 2019 11:59 941 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Камактагы Өмүрбек Текебаев Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды. Бул туурасында КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдирди.

Аталган кызматтын маалыматына караганда 1958-жылы туулган Өмүрбек  Текебаев 2017-жылдын 19-октябрында Бишкектеги  1-убактылуу кармоочу жайдан № 47 абак жайга келген.

2018-жылы 31-июлда Текебаев ден соолугунун абалына байланыштуу Улуттук кардиология борборуна жаткырылган. 

2018-жылдын 24-августунда Улуттук кардиология жана терапия борборунун, Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгерлеринин катышуусунда консилиум өткөрүлгөн.

2018-жылдын 13 декабрынан 2019-жылдын 9-январына чейин № 1 Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө стационардык дарылоодо болгон. Дарылануу аяктаганда № 47 мекемеге медициналык кызматкелердин кароосунда жиберилген.

2019-жылдын 31-майында Текебаев дарылоо жана текшерүү үчүн кайрадан Улутук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-tekebaevdi-uluttuk-kardiologiya-zhana-terapiya-borboruna-zhatkyryldy



Добавить комментарий