Өмүрбек Текебаев Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн иштин майын чыгара албай жатканын түшүндүрдү

3 февраль 2020 14:15 2794 1 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттык” радиосунун “Эки бир” телеберүүсүндө конокто болуп, азыркы бийликтин кетирип жаткан каталарын жана президенттин иш-аракетине өз баасын берди.

Ал күзүндө боло турчу шайлоо Кыргызстандын тарыхында тагдыр чечүүчү күчкө ээ экенин айтты.

“Менин оюмча алдыда боло турчу парламенттик шайлоо Кырызстанда тагдыр чечүүчү шайлоо болот. Ошондо келген жаңы саясий күчтөр жоопкерчиликти өзүнө алып, Кыргызстандагы саясий бийликтин мүнөзүн, балансын өзгөртөт деп ойлойм”, — деди ал.

Текебаев андан сырткары эмне үчүн бүгүнкү күнү бардык бийлик Жээнбековдун айланасына чогулуп калганына бир гана себеп бар экенине токтолду.

“Эмнеге бүгүн бийлик өзүнөн-өзү эле Жээнбековго жыйналып калды? Конституция боюнча ага жыйналбаш керек эле, премьер-министрде болушу керек. Эмне үчүн ал жакка өтүп калды? Анткени лидерлик сапаттын, жоопкерчиликтин, өзүнө ала билүүнүн дефицити болууда. Эч ким мойнуна албай жалтактап жатса, бийлик жерде жатпайт, аны бирөө көтөрүп алат экен. Мен бүгүнкү бийликтин Сооронбай Жээнбековго жыйналып калганынын бир эле себебин көрүп жатам жана ошону эле кабыл алам. Ал Атамбаевдин өзүм билемдигине, "бийликтен кетсем дагы өлкөнү бакшарам" деген ниетине каршы туруп, акыркы эки жылда ачык түрдө дагы, жабык түрдө дагы саясий чабышты. Ошол учурда Сооронбай Жээнбеков жаңы бийлик баланстарын түзүүгө шайы келген жок. Эскичесинен Атамбаев түзүп кеткен саясий система уланып жатат. Ал качан өзгөрөт? Анын бир гана жолу бар, ал шайлоо”, — деди ал.

Текебаев андан сырткары эгер Сооронбай Жээнбеков тарыхта реформатор катары калам десе күздө боло турчу шайлоону таза өткөрүп, жаңы келген күчкө аткаруу бийлигин толугу менен өткөрүп бериши керектигин кошумчалады. Ошондо гана Жээнбеков эл алдында "парламентаризмди курам" деген убадасын аткарарын белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-tekebaev-sooronbaj-zheenbekov-emne-chn-ishtin-majyn-chygara-albaj-zhatkanyn-tshndrd



Добавить комментарий