Өмүрбек Текебаев: Коркпойм! Качпайм! Ырайым сурабайм
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн фейсбук баракчасына Садыр Жапаровго жооп кайтарып, “мен ал ойлогондой дежур чал боло албайм” деди. Бул тууралуу Текебаевдин соцтармактагы расмий баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
"Садыр Жапаров менен 5 жолу жолуктук. Бешөөндө тең жалгыз жолуккан жокпуз, жаныбызда адамдар болду. Бир күнү түн жарымда үйгө келип кетишкени да чын. Анда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев экөө мени сыйлаганын, кеп-кеңешим алар үчүн маанилүү экенин айтып, колдон келсе демилгелерибизди колдоп туруңуз деп өтүнүштү. Мен айттым, “биринчиден, мени сыйлап, пикиримди угуп, кеп-кеңешимди сурап койгонуңарга ыраазымын. Башыбыздан көп нерселер өттү, баарыбыз түрмөнү да көрүп чыктык, үй-бүлөлөрүбүз дагы бирдей кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүштү. Биз бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Аксакал деп алдымдан өткөнүңөргө кубанып, бул урматыңарды кантип кайтарсам экен деп жетине албай турам. Силерди колдоп келатам. Бирок, мен бир учурда силерди колдой албайм. Эгерде, бийликке кызыгып, жеке бийлигиңерди бекемдейм десеңер, авторитардык жетекчилердин системасын алып келебиз десеңер, башкача айтканда, Конституцияга ошондой өзгөртүүлөрдү киргизебиз десеңер мен ачык каршы чыгам”,- деп ар бир жолугушууда эки жолудан кайталап айттым. Ошондуктан, менин Садыр Жапаровдун демилгеси менен чыгып жаткан Конституцияны сындагандыгым, бул өз сөзүмдөн айнып кеткендигим эмес, тескерисинче өз сөзүмдө бекем тургандыгым. Мен деле аксакал болуп, жөн эле жашайын деген оюм бар эле. Үй-бүлөм да колдойт. Бирок, мени “аксакал болуп бер” деп иш жүзүндө “дежур чалга” айландыргылары бар. Мен эч убакта “дежур чалга” айланбайм. Мен демократиянын – эл бийлигинин солдатымын. Өмүр бою солдат болуп, өз постумду таштабайм.
Ал эми, Садыр Жапаров “Текебаев “Мегаком” боюнча Маевскийден 1 млн доллар алганы анык, аны элитанын баары билет, менде күбөлөр бар, керек болсо өзүм далилдейм” деп айтты.
Мен орусча 4 сөз менен Садыр Жапаровдун сөзүнө мүнөздөмө берет элем: ЛОЖ, КЛЕВЕТА, БЕЗОТВЕТСТВЕННО и НЕДОПУСТИМО. Бул ушакка негизделген жалган жалаа. Мындай айтуу жоопкерсиздик. Анткени, Садыр Жапаров бүгүн жөнөкөй киши эмес. Анын сөзүн кунт коюп угуп, көпчүлүгү ага ишенип турат. Эл соттун чечимине ишенбеши мүмкүн. Бирок, бүгүн Садырдын сөзүнө ишенгендер көп. Мен бул жерде “бүгүн” деген сөздү баса белгилегим келет. Анткени, эгер, ушундай жалгандарды айта берсе, эртең ишенгендердин саны азаят. Недопустимо дегеним, Садыр Жапаров “шайлоого катышам” деп ыйгарым укугун токтоткону менен, ал бүгүн премьер-министр. Анын досу парламентти башкарып, мамлекеттин жетекчиси. Дагы башка достору УКМКнын, Генпрокуратуранын, ИИМдин жетекчилери. Бул компаниянын таасири өлкөдө эң жогору. Садыр Жапаров айтпадыбы, “бүгүн деле соттор президентти карап турат экен” деп. Мына ушундай шартта соттордун баары Садыр Жапаровдун айтканын приказ катары кабыл алышы мүмкүн. Өзүнүн статусун, таасирин билип туруп, ушинтип айтканы туура эмес.
Садыр Жапаров премьер-министр. Ал Конституцияны кармап, “Конституцияны жана адамдардын эркиндигин коргойм” деп ант берди. Бирок, тилекке каршы, президенттикке талапкерлигин койгондорду өзүнүн жеке душмандарындай кабыл алып жатат. Ал колдоп жаткан Конституцияны долбооруна макул болбой, башкача баа берген адамдарды “жүзү каралар”, “эл бузарлар” деп жатат. Бул коомдо агрессияны пайда кылып, коомду бөлүп-жарат. Коомду элдешкиз кылып эки топко бөлүп, ынтымакты кетирет. Бул безответственно и недопустимо. Башка бирөө ушундай ушактардын топтомун айтса, мен көңүл бурбай, жооп бербей деле коймокмун. Бирок, мен жогоруда айткан пикиримден улам, Садыр Жапаров бир эмес, эки жолу мага жалаа жаап, тийишкенден улам мен ага жооп берүүм зарыл деп чечтим. Мен бул жоопту Садыр Жапаровду жамандаш үчүн, анын авторитетин түшүрүш үчүн айтып жаткан жокмун. Мен биринчи кезекте эл муну чындыкты коргоо, өзүмдү коргоо катары кабыл алышын каалаар элем.
Ал эми, Жапаров менин соттук иштериме таасирин тийгизип койот деп тим олтуруп кала албайм. Коркпойм. Качпайм. Ырайым сурабайм. Эгер, сот бизди дагы айыптаган өкүм чыгарса, ал бизге эмес Садыр Жапаровго чыгарылган өкүм болот. Анткени, чындык биз тарапта”, - деп жазды Текебаев.
Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-tekebaev-korkpojm-kachpajm-yrajym-surabajm
Добавить комментарий ×