Өмүрбек Бабанов мекенинен кайтып келеби? УКМК текшерүүдө
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Өмүрбек Бабановдун мекенине кайтып келүүсү боюнча маалыматты текшерет. Бул тууралуу Barometr.kgге бүгүн, 22-мартта ведомсвтонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Биз азыр ЖМКда пайда болгон Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши боюнча маалыматты тактап жатабыз. Комментарийди кийинчерээк беребиз”,-деп маалымдашты ведомстводон.
Эскерте кетсек, кечээ 21-мартта Өмүрбек Бабанов Нооруз майрамы менен куттуктап, “Жакында көрүшкөнчө” деп жазган.
«Республика-Ата Журт» фракциясынан депутаттары Бабанов жакында Кыргызстанга кайтып келиши мүмкүн экендиги тууралуу маалыматты тастыкташкан. Депутат Максат Сабировдун айтымында, төрт депутат Өмүрбек Бабанов менен Россияда жолугушкан учурда ал Кыргызстанга кайтып келүү ниети бар экенин билдирген.
Эскерте кетсек, 2017-жылы 15-октябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоодон кийин “Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өлкөнү таштап кеткен болчу. Алдын ала маалыматтарга ылайык ал Россияда жүрөт.
Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-babanov-mekeninen-kajtyp-kelebi-ukmk-teksherd
Добавить комментарий ×