Москвада Кыргызстан менен Тажикстандын 180ге жакын жараны массалык түрдө мушташты
Бөлүшүү:
Москвада Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын массалык мушташы болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда РЕН ТВга шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.
Россиялык ЖМКнын берген маалыматына таянсак, буга чейин 11-июлда Кыргызстандын эки жараны бычактан жаракат алышкан. Алардын жолдоштору өч алууну көздөп Кузьминка районунда саат жетиге каршылаш тарапты “жолугушууга” чакырган. Аталган убактытта чатак чыккан эмес.
Бирок болжол менен түнкү саат 12лерде “Кузьминки” метросунда массалык мушташ чыгып, ага Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары катышкан. Алардын саны болжол менен 180дей болгон.
Полиция 94 адамды кармады, калганы качып кетишти.
Эки адам жаракат алып, бейтапканага жаткырылды.
Добавить комментарий ×