Депортация кылам! Москвада кыргыз жигитин коркуткан Цветков "MTVде" иштебейт (Видео)

13 август 2020 13:16 2146 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"MTV-Россия "телеканалы кыргыз мигрантын ашата сөгүп, агресивдүү мамиле жасаган Артур Цветковдун аларда иштебейт экенин жазып чыкты. Буга интернет колдонуучулан алып баруучуну жумуштан кетирүү тууралуу талабы себеп болгон. Бул тууралуу аталган каналдын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” которду.

“Артур Цветков 2006-жылдан бери MTV Россияда иштебейт. Агрессияны биз колдобойбуз”, – деп билдирүү калтырган аталган телеканал.

Эскерте кетсек, 11-августта Москва шаарындагы ресторандардын биринде орус шоу-бизнес өкүлү менен аталган ресторанда иштеген кыргыз жаранынын ортосунда чыр чыккан. Анда, MTV жана МузТВ каналдарынын алпаруучусу Артур Цветков (Vj Archiе) бет кап кий деп суранган кыргыз жаранына катуу айтып, ызы-чуу салып, экөө мушташып кете жаздаган. Ошондой эле, ал полиция чакырып, ал тургай кыргыз жаранын депортация кылам деп да коркуткан.

“Кимге жакпаса, мекениңер күтүп турат. Силер жазып жана айта бергиле, медалдын эки тарабы болот. Мен өзүмдүн позициямды кармайм. Бул иш полицияга өткөрүлүп берилди”, - деп жазган Цветков.

Ал эми бул посттун астына калтырылган комментарийлерде, кыргыз жигитине болушкандар көп болгон. Бирок, алып баруучу жеке баракчасына калтырган билдирүүлөргө чектөө коюп койгон.

Бул жаңжал тамсага тартылып калып, "Короче" телеграм каналына жүктөлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyz-zhigitin-deportaciya-kylam-dep-korkutkan-cvetkov-mtv-rossiya-telekanalynda-ishtebejt-video



Добавить комментарий