Москвада эки кыргызстандык чырдашып, бири экинчисинин көзүнө атып салды
Москвада эки кыргызстандык жаран чырдашып, бири экинчисинин көзүнө атып салды. Окуя Москва шаарынын чыгыш тарабындагы "Ысык-Көл" ресторанында болгон. Бул тууралуу 360tv.ru укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып жазган.
Азырынча чырдын себептери айтыла элек. Тараптардын жаңжалы атышуу менен аяктаган. Жаңжалга катышкандардын бири курал алып чыгып, экинчисин көзүнө атып жиберген.
Тынчсызданган жарандар атышуунун үнүн угуп полиция чакырышкан. Жабыркаган жаран ооруканага жеткирилген. Ал эми курал колдонгон кылмышкер милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда окуянын чоо жайы иликтенүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-eki-kyrgyzstandyk-chyrdashyp-biri-ekinchisinin-kzn-atyp-saldy
Добавить комментарий ×