«Мобильник» компаниясы Адилет Боотаевди күнөөлөп жатат

19 март 2019 14:50 4706 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Мобильник» компаниясы “АсисНур” компаниясын күнөөлөп жатат. Аталган компаниянын жетекчиси Адилет Боотаев жетектеген адамдар «Мобильник» компаниясына 11 млн сомдон ашык карыз болушкан. Бул тууралуу «Мобильник» көз карандысыз аудит текшерүүсүнүн жыйынтыгына шилтеме берип билдирди.

“«HLB Марка Аудит» көз карандысыз аудит текшерүүсүнүн жыйынтыгында Адилет Боотаевдин адамдары жетектеген «АсисНур» компаниясы «Мобильник» уюлдук операторуна 11 миллион сом карыз экенин аныкталды. Карыз эки тарап-“АсИсНур”  менен «Мобильник» 2019-жылы 20-февралда кол койгон текшерүү актысы менен дагы тастыкталууда.

Ички иликтөө «АсИсНур» компаниясынын мынчалык карыз болуп кеткени Адилет Боотаевдин тобунун “Мобильниктин” каржылык жана юридикалык документтерин колдонуу жолу менен атайлап акча чыгарып кетүүсүнүн белгилерин көрсөтүүдө.

Көз карандысыз аудиттин жыйынтыгы «АсИсНур» компаниясынын «Мобильник» компаниясына документ түрүндө карыз экенин тастыктады”,-деп кабарлашты компаниядан.

Ссылка: https://barometr.kg/mobilnik-kompaniyasy-adilet-bootaevdi-knlp-zhatat



Добавить комментарий