Мүлк салыгы автоматтык түрдө эсептелет

18 август 2025 15:55 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Салык төлөөчүнүн кабинетинде мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө үчүн "Салыктык милдеттенмелер" модулу киргизилди.

Аталган модулдун жардамы менен "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин расмий маалыматтык базаларынын негизинде мүлк салыгынын суммасы автоматтык түрдө эсептелет. 

Бул каталарды азайтып, салык милдеттенмелерин аткарууну жеңилдетет.

Мүлк салыгын эсептөө жөнүндө кабарламаны алгандан кийин, салык төлөөчүдөн сумманы өз алдынча киргизүү же эсептөө талап кылынбайт. Убакытты үнөмдөп, бир нече баскычтын жардамы менен салыкты төлөп коюуга болот.

Мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө модулун колдонуу үчүн cabinet.salyk.kg порталына кирип, "Салыктык милдеттенмелер" модулун тандоо керек.

Андан кийин "Өтүү" баскычын басканда, салык милдеттенмелери боюнча бардык маалыматтар көрсөтүлөт.

Оң жагындагы "Төлөө" баскычын басканда, QR-код, төлөм коду жана банк карталары сыяктуу төлөм ыкмалары сунушталат.

Модулда салыктын түрү, датасы, району жана суммасы боюнча маалыматтар камтылган.

Ошондой эле, мүлк жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт: КМБ коду, дареги, салык мезгили, аянты жана төлөөнүүчү сумма.

Белгилей кетсек, эсептөөлөр төлөө мөөнөтүнөн 30 күн мурда, адатта, 1-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

"Салыктык милдеттенмелер" кызматынын негизги артыкчылыктары:

Убакытты үнөмдөө – салыкты эсептөө формаларын өз алдынча эсептеп, толтуруунун кажети жок;

Тактык – эсептөө расмий кадастрдык маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт;

Контролдоо – жеке кабинетте эсептөөнүн бардык маалыматтарына жеткиликтүүлүк бар;

Ыңгайлуу төлөм – кабарламаны алгандан кийин дароо онлайн төлөөгө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/mlk-salygyn-avtomattyk-trd-eseptelet



Добавить комментарий