Митингде Атамбаев, Сегизбаев жана Джолдубаеваны камакка алууну талап кылышууда

23 апрель 2019 12:27 2338 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эски аянтта, Жогорку соттун имаратынын алдында митингге чыккандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, УКМКнын экс-төрагасы Абдиль Сегизбаев жана башкы прокурор Индира Джолдубаеваны камакка алууну талап кылышууда.

 “Ата Мекен” париясынын Жогорку Кеңештеги депутаттары, Каныбек Осмоналиев, Жанар Акаев, Темир Сариев жана башкалар сөз сүйлөштү. Алар адилеттүү сот чечимин талап кылып, абакта жаткан Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду бошотуп жана Атамбаевдин оппозицияны саясий тазалоосун ишке ашырган Сегизбаев менен Джолдубаеваны жазага тартууну талап кылышууда.

Эскерте кетсек, бүгүн 23-апрелде Жогорку сотто кайрадан ачылган жагдайларга байланыштуу Садыр Жапаровго каршы  кылмыш иши каралды. Кийинки жыйын 30-апрелге жылдырылды.

Ошондой эле бүгүн саат 16.00дө Жогорку сотто Өмүрбек Текебаевдин иши кайра ачылган жагдайларга байланыштуу каралмакчы.

Ссылка: https://barometr.kg/mitingde-atambaev-segizbaev-zhana-dzholdubaevany-kamakka-aluunu-talap-kylyshuuda



Добавить комментарий