Милиция Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол салган аялды кармады

4 март 2020 19:44 2766 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Митинг өтүп жаткан кезде ЖКнын кызматкерлерине кол салган аялдын ким экени такталып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Башында, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси (массалык баш аламандык)  менен сотко чейинки өндүрүш башталган. 

4-март күнү ИИМдин ЭММКАКтын  кызматкерлери тарабынан Бишкекте 2020-жылдын 2-мартында С. Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана өтүп бара жаткан жарандарга  маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузуу менен башка белгисиз аялдар менен кошо кол салган аялдын ким экени такталып, ал 1973-жылы туулган Ч.Н. аттуу жаран Бишкек ШИИББге жеткирилди.

Андан сырткары бейбаштык аракеттери менен эч себепсиз мазактап, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп кол салышкан белгисиз аялдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү үчүн  арыз менен Жогорку Кеңештин кызматкерлери дагы кайрылган.

Азыркы учурда жаран Ч.Н. карата  тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Топтолгон материалдын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилмекчи, тактап айтканда беренени квалификациялоо каралат.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.


Ссылка: https://barometr.kg/miting-tp-zhatkan-kezde-zhknyn-kyzmatkerlerine-kol-salgan-ayaldyn-zdg-taktalyp-miliciyaga-zhetkirildi



Добавить комментарий