Мисте терип жаткан аял тоодон кулап каза болду
Бөлүшүү:
Майлуу-Сууда мисте терип жаткан аял тоодон кулап каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуя 15-августта болгон. Анда 56 жаштагы аял мисте терип жаткан учурда капысынан тоодон кулап кеткен. Тез жардам кызматкерлери аялга жардам көрсөткөнү менен анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/miste-terip-zhatkan-ayal-toodon-kulap-kaza-boldu
Добавить комментарий ×