ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары келгенде 4 миңден ашуун милиция коопсуздукту камсыз кылат

6 декабрь 2022 11:03 1356 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму учурунда 4 миңден ашуун милиция коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бишкек шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму өтөт. ЖЕЭК жыйынынын алкагында бир катар иш-чаралар пландаштырылып, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлөт.

Кыргызстанга Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик иш сапары менен келет.

Коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга 4 миңден ашуун милиция кызматкерлери тартылат.  

Милиция,  расмий иш-чараларды өткөрүү мезгилинде коопсуздукту жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун толук кандуу камсыз кылат.

Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүүчү жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Айрым тилкелерде транспорт каражаттарынын кыймылы чектелет, буга байланыштуу милиция жарандардан көрүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.



Ссылка: https://barometr.kg/mirziyoev-putin-bash-bolgon-lk-bashchylary-kelgende-4-miden-ashuun-miliciya-koopsuzduktu-kamsyz-kylat



Добавить комментарий