Мирлан Жакыпов “Кыргыз көмүр” ишканасынын директору болуп шайланды

8 сентябрь 2021 13:00 834 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын жаңы директору болуп Мирлан Жакыпов шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда аталган ишкананын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Жаңы директорду жамаатка Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев тааныштырды.

Жакыпов 2014-жылы да аталган ишкананын директору болуп иштеп кеткен.

Мирлан Жакыпов быйылкы жылдын август айынын башында аталган кызматка дайындалган Марат Турдубаевдин ордуна келди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/mirlan-zhakypov-kyrgyz-kmr-ishkanasynyn-direktoru-bolup-shajlandy



Добавить комментарий