Минюра Рахимжанова: "Түштүк Сахалин аралында ырдап жүрүп музыкалык студия ачтым"
Кыргыз эстрадасында "Сен кат жаздың", "Таңшы комуз", “Жаз деми” аттуу ырлары менен көпчүлүкө белгилүү болгон ырчы Минюра Рахимжанова өзүнун бала кезинен кыялданган жеке музыкалык студиясын ачты.
Barometr.kg сайты ырчы менен байланышканда музыкалык билимди Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынан алганын белгилеп, андан кийин Түштүк Сахалин аралына барып, ал жактан төрт кыздан түзүлгөн музыкалык топто ырдап жүрүп, Кыргызстанга келип музыкалык студиясын ачып жатканын билдирди.
Чыгармачылыкта чоң пландары бар экенин кошумчалады.
Минюранын музыкалык студиясынын расмий ачылышына апасы, бир туугандары, жакын санаалаштары келишти. Аны куттукташып жылууу сөздөрүн айтышып, ийгилик каалашты.
Келген меймандарга ырчы өзүнүн репертуарындагы “Сен кат жаздың” аттуу ырын жандуу үн менен ырдап берди.
Ссылка: https://barometr.kg/minyura-rahimzhanova-znn-zheke-muzykalyk-studiyasyn-achty
Добавить комментарий ×