Минскте митингчилер тарай баштады (Видео)

10 август 2020 13:19 1252 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Минскте шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон митингчилердин басымдуу бөлүгү тарады. Бул туралуу Беларусь Республикасынын ММКларына шилтеме берип «Барометр» которду.

Кечээ, 9-август күнү президенттик шайлоо болуп, ал аяктаары менен жергиликтүү тургундар нааразычылык акциясына чыккан. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон жүздөгөн адам Минск шаарынын борборун көздөй агылган.

Митингге чыккандарды таратуу үчүн милиция көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонгон.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде Борбордук шайлоо комиссия президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарган. Анда учурдагы президент Александр Лукашенко эл добушунун 82 пайызын алгандыгы айтылган.

"Учурда борбордук көчөлөрдө нааразычылык акциясына чыккандар байкалбайт. Акырындык менен автоунаа кыймылы калыбына келе баштады", - деп айтылат маалыматта.

Күч органдары митинг учурунда көчөлөргө койгон тосмолорду алды. Бирок айрым жерлерде полиция автоунаа менен кыдырып карап жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/minskte-shajloonun-aldyn-ala-zhyjyntygyna-naarazy-bolgondor-taraj-bashtady-video



Добавить комментарий