Министрлик: карантин киргизилгенден кийин үй-бүлөлүк зомбулук да күч алды

1 апрель 2020 17:28 2904 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда карантин режими киргизилгенден кийин үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук дагы күч алганын Социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

"Карантинге байланыштуу, биз үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүшүнө туш болдук, жарандар психологиялык жардамга муктаж. 111 номери аркылуу жарандар жардам менен кайрылышса болот", - деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаттары дагы карантин режими киргизилгенден бери үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар көбөйүп жатканы айтылды. Бул жаатта Ички иштер министрлигине бир катар сунуштар айтылды. Арасында аймактык милиция кызматкерлерин көйгөйлүү үй-бүлөлөрдү кыдырып, алардан кабар алуу да бар.

Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-karantin-kirgizilgenden-kijin-j-bllk-zombuluk-da-kch-aldy



Добавить комментарий