Министрлик: Чүйдө коронавирустан каза болгон аял ооруканага өтө кеч кайрылган

20 апрель 2020 10:30 2648 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусунда коронавирустан каза болгон 70 жаштан өтүп калган аял киши ооруканага өтө кеч кайрылганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

Ал 20-апрелге карата коронавирустан Чүй менен Ош шаарында — эки киши каза болгонун айтып, жалпы өлкө боюнча илдеттен көз жумгандардын саны 7 кишиге жетти.

Үсөнбаев Чүй облусунда каза болгон аялдын башка өнөкөт оорулары дагы болгонун кошумчалады.

“Чүй облусундагы аял медициналык жардамга кеч кайрылган. Өзү дагы өнөкөт оорулары күч алып турганда кайрылган экен. Медициналык толук жардам берип, анын өмүрүн сактап калганга жетише албай калдык. Ал эми Ош шаарында каза болуп калган жаран 79 жашта. Ал медициналык жайда дарыланып жаткан. Өнөкөт оорулары бар болгондуктан биздин дарылоодон жыйынтык чыкпай каза болуп калды. Өлкө боючна жалпысынан жети адам коронавирустан каза болду”, — деди ал.

Эске салсак, 20-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус болгондордун саны 568 кишиге жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/ministrlik-chjd-koronavirustan-kaza-bolgon-ayal-oorukanaga-t-kech-kajrylgan



Добавить комментарий