Министрлер кабинети кагаз ташып кетүүгө тыюу салды

24 август 2021 13:36 1318 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Министрлер кабинети Кыргызстандын аймагынан Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы аймагына кагаздар менен картондорду (макулатура менен калдыктарды) ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Алты айга чейин чектөө киргизүү тууралуу токтомго министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кол койду.

Экономика жана каржы министрлигине бул боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун коргоо чаралары боюнча комитетине жана убактылуу чектөө киргизүү боюнча Евразиялык экономикалык комиссияга эскертүү берүү тапшырылды.

Ошондой эле бир катар мамлекеттик органдарга макултураны мыйзамсыз ташып өтүү аракеттерине каршы зарыл болгон иш-чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Токтом сентябрь айында күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/ministrler-kabineti-kagaz-tashyp-ketg-tyyuu-saldy



Добавить комментарий