Министр: Жапаров жасаган жумуштарын жар сала берсе, президенттин өпкөсү жок экен дейсиңер да
Бүгүн, 16-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, коронавируска каршы жаңы дарыны президент Садыр Жапаров экөө кайнатып, бейтаптарды дарылап жатышканын айтты.
Эске сала кетсек, кече 15-апрель күнү президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бир катар медициналык мекемелеринде болгон. Анда президент коронавирус инфекциясынын белгилери байкалары менен ооруканаларга дароо кайрылууга чакырып, дарыгерлер 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышкандыгын билдирген.
Ал эми, бүгүн, 16-апрелде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, президент айткан дары тууралуу маалымат берди.
“Биз сунуштап жаткан коронавируска каршы дары Ысык-Көлдүн тоолорнунан алынып келинген чөптүн тамыры, уу коргошун. Биз Каркыра жайлоосу тарапка балдарды жөнөтүп, ошол жактан тамыр каздырып келип, президент экөөбүз кайнатып жатабыз.
Буюрса, бул дары сыноодон өтсө, биз официалдуу түрдө каттатып, дүйнө жүзүнө сата баштайбыз.
Биз алып келип жаткан тамыр жайгашкан жер учурда курчоого алынып, кайтарылууда. Себеби, башка өлкөлөр билип калса, кызыгып келе башташат да”, - деди саламаттык сактоо министри.
Ошону менен катары эле, журналисттер президент бул дарыны сизге арта сала коюуп, жоопкерчиликтен качып жаткан жокбу деген суроо берди.
“Сиздер Садыр Нуркожоевичти жакшы билбейт экенсиздер. Ал өзү, өтө жөнөкөй адам. Мын ушуга чейин эле бир топ орчундуу маселелерди чечти. Бирок, коомчулукка жарыялаган жок. Мисалга алсак, кайдан-жайдан билбейм бирок, бюджетте акча тартыш болсо да дарыгерлердин айлыгын эки эссе көбөйтүп берди.
Эми, ал деген президент да мен кылдым деп эле мактана берсе, силер эле жазып чыгасыңар, өпкөсү жок президент экен деп.”, - деп кошумчалады министр.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарандарды коронавируска каршы уу коргошунду колдонууга тыюу салат.
Ссылка: https://barometr.kg/ministr-prezidenttin-pks-zhok-eken-dejsier-da
Добавить комментарий ×